Ташиев Бакиев Кыргызстанга келсе камаларын айтты
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн 12-апрелде Фейсбуктагы баракчасына мурдагы президент Курманбек Бакиев боюнча Конституциялык сот чыгарган чечимге байланыштуу билдирүү жасады.
Анда ал Конституциялык соттун чыгарган чечимине бүгүнкү бийликтин эч кандай тиешеси жоктугун айтты:
“Конституциялык сот көз карандысыз. Курманбек Бакиев боюнча Жогорку Соттун өкүмү күчүндө турат. Ошондуктан эгер Курманбек Бакиев Кыргызстанга келе турган болсо чек арадан өтөрү менен камалат”.
Кыргызстандын Конституциялык соту 2010-жылы Апрель ыңкылабында бийликтен кулатылган Курманбек Бакиев боюнча чыккан сот өкүмү кайра каралууга жатат деген чечим чыгарганы 11-апрелде маалым болгон. Бакиевге чыккан өкүмдү кайра кароонун мыйзамдуулугу боюнча өтүнүчтү мурдагы президенттин адвокаты Икрамидин Айткулов келтирген.
Консоттун сайтына 11-апрелде жарыяланган маалыматка ылайык, сот кылмыш иши үчүн сыртынан соттолгон адам өз каалоосу менен же күч органдарынын аракетинин натыйжасында Кыргызстандын аймагына келгенден кийин соттук иши өзүнүн катышуусунда кайра каралышына реалдуу мүмкүнчүлүк алууга тийиш экени жазылган.
"Мындай укуктук жөнгө салуу укуктук мамлекеттин принциптерине берилгендикти, адилеттүү сот өндүрүшүнө болгон кепилдикти көрсөтөт жана эл аралык стандарттарга, ошондой эле көпчүлүк демократиялык мамлекеттердеги туруктуу практикага толугу менен ылайык келет", - деп белгиленген маалыматта.
11-апрелде адвокат Айткулов эгер Курманбек Бакиевдин иши кайрадан териштирүүгө жөнөтүлө турган болсо ал Кыргызстанга кайтарын айткан.
Конституциялык соттун чечимин колуна алгандан кийин Бакиев күнөөлүү деп табылып, соттолгон бардык иштерди кайра кароо тууралуу арыз менен Жогорку сотко кайрыларын билдирген адвокат:
"Ал өкүмдөрдүн баары - биринчиден башка экинчи жана үчүнчү инстанциялардын өкүмдөрү жокко чыгарылат. Ал процесстерге өзү катышат. Конституциялык соттун чечими ошондой - ал экинчи жана үчүнчү инстанциялар конституциялык эмес чечим чыгарышканын, анткени ишти айыпталуучунун өзү жок карашканын айтып жатат. Башкача айтканда, ага өз укугун коргоого мүмкүнчүлүк берилиши керек болчу", - деген.
Айткулов Бакиев качан келери белгисиз экенин айтып, "бардык иштерди кайра кароо үчүн экинчи инстанцияга жөнөтүшсө ал өзү келип катышуусу керек болорун" билдирген.
Бакиев президенттик бийликке 2005-жылкы 24-март ыңкылабынан кийин келип, 2010-жылдын 7-апрелиндеги 90го жакын адамдын өмүрү кыйылган элдик толкундоодо бийликтен кулатылган жана үй-бүлөсү менен Беларуска качып кеткен.
Апрель окуялары боюнча соттук жараяндын жыйынтыгында мурдагы президент Курманбек Бакиев баш болгон 28 адамга айып коюлган. Анын негизинде узак убакыт сот жүрүп, соңунда Бакиев сыртынан 30 жылга соттолгон эле.
Беларуста туруп айрым маалымат каражаттарына курган маектеринде Курманбек Бакиев Кыргызстанда ага карата чыккан өкүмдү "мыйзамсыз" деп атаган.
Эми анын адвокаты өтүнгөн кайрылууну Конституциялык сот канааттандырып, коомчулуктагы Бакиевге байланышкан талашты күчөттү. Ансыз деле соңку мезгилде Апрель ыңкылабында бийликтен кулатылган качкын президенттин Кыргызстанга кайтышы боюнча талкуу жүрүп жаткан эле.
Тагыраагы, бул сөздөр президент Садыр Жапаровдун деңгээлине чейин жетип, ал быйыл 11-мартта "Беларус Бакиевди камабасаңар өткөрүп берели" деген ниети бар экенин билдирген. (RK)