Булак: орусиялык 2500дөн ашуун аскердин сөөгү Гомелден мекенине жөнөтүлгөн
Украинанын аймагындагы согушта каза тапкан орус аскерлеринин сөөгү жана жарадарлар Беларустун Гомел облусуна жеткирилип, андан ары поезддер жана учактар менен Орусияга жиберилип жатат. Бул тууралуу "Азаттык" радиосунун беларус кызматы жергиликтүү тургундарга жана медиктерге таянып жазып чыкты. Бул маалыматты көз карандысыз булактар ырастай элек. Гомел облусундагы ооруканаларда согуштан жаракат алган орус аскерлерин дарылоо улантылып жатканы айтылды. Андагы дарыгерлер жарадарларды Украинанын... Читать дальше...