Шиберде жана Ыраакы Чыгышта нааразылык чаралары өттү
Орусиянын Шибер (орусча: Сибирь) жана Ыраакы Чыгыш аймактарынын бир катар шаарларында 9-январда бийликтерге каршы нааразылык чаралары өткөрүлдү. Владивосток Ыраакы Чыгыштагы негизги шаар – Владивостокто пикет уюштурулду. Бул пикетти акыркы жолу “мыйзамга ылайык” деп санашууда (жекшембиден тартып нааразылык чарасынын бул түрү атайын уруксат алган соң гана өткөрүлүүгө тийиш). Владивосток шаарында борбордук аянтта “Мөөнөтсүз нааразылык” чарасынын өкүлдөрү пикетке туруу үчүн кезекке туруп жатышты. Читать дальше...