Украинада Жогорку Радага мөөнөтүнөн эрте шайлоо өтүүдө
Бүгүн, 21-июлда Украинанын Жогорку Радасына депутаттарды шайлоо өтүүдө. Добуш берүү жергиликтүү убакыт менен саат 8:00дө башталды. «Азаттыктын» украин кызматы парламенттик шайлоого жалпы жонунан алты миңге чукул талапкер ат салышып жатканын жазды.
Шайлоого Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин «Эл кызматчысы» партиясы, өлкөнүн мурдагы президенти Петр Порошенконун «Тилектештик» блогу, Орусия менен мамилени оңдоону жактаган «Оппозициялык платформа» жана Юлия Тимошенконун «Батькивщина» партиясы баш болгон баш-аягы 22 партия катышууда.
Ал эми Грузиянын экс-президенти, Одесса облусунун мурдагы башчысы Михаил Саакашвили өзү жетектеген «Жаңы күчтөр кыймылы» партиясы шайлоого катышуудан баш тартарын шайлоого бир күн калганда, 20-июлда жарыялап, тарапташтарын Владимир Зеленскийдин партиясын колдоого чакырган.
Украинадагы кезексиз парламенттик шайлоонун расмий жыйынтыгын өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясы 10-августка чейин жарыялашы керек.
Зеленский 20-майда ант берип президенттик кызматка киришкенден кийин Жогорку Раданы таратуу тууралуу жарлык чыгарган. Ага ылайык, мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо 21-июлга белгиленген. Мыйзам боюнча парламенттик шайлоо 2019-жылдын 27-октябрында өтмөк. (BTo)