Өлкөдө спорттун ар кандай түрлөрү боюнча 80ден ашык федерация бар
Кыргызстанда спорттун ар кандай түрлөрү боюнча 80ден ашык федерация иш алып барат. Бул тууралуу «Ата Журт Кыргызстан» парламенттик фракциясы менен «Мекенчил» депутаттык тобунун биргелешкен жыйынында маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Айбек Абдымомунов билдирди.