Ирандын президенти тик учак кыйроосунда набыт болгону ырасталды
Ирандын президенти Эбрахим Раисинин жана анын сапарлаштарынын, анын ичинде тышкы иштер министри Хусейн Амир-Абдоллахияндын сөөгү Ирандын түндүк-батышындагы Азербайжан менен чектеш аймактан табылды.