Садыр Жапаров Ибрахим Раисинин өлүмүнө байланыштуу Иранга көңүл айтты
Президент Садыр Жапаров Иран аятолла Сейед Али Хоссейни Хаменеиге Ирандын президенти Ибрахим Раисинин жана аны коштоп жүргөн адамдардын тик учактын кыйрашынан улам каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү.