Армения: диниятчы өкмөт башчылыкка баруу ниетин билдирди
Арменияда өкмөткө каршы нааразылык акцияларын баштап чыккан архиепископ Баграт Галстанян өқмөт башчылыкка баруу ниетин билдирди. Бул тууралуу ал 26-майда Еревандагы митингде тарапташтарынын алдында жар салды.