Ооган талибдери жазгы чабуулдарын баштаганын жарыялашты
![Ооган талибдери жазгы чабуулдарын баштаганын жарыялашты](https://gdb.rferl.org/B52481F8-240C-4A36-ADF2-15348B6A1E8C_cx0_cy4_cw0_w800_h450.jpg)
Ооганстанда "Талибан" кыймылы жазгы чабуулдар башталганын жарыялады. Куралдуу топ Интернетте 25-апрелде жарыялаган билдирүүсүндө “Ал-Хандак” деп аталган чабуулдар "негизинен америкалык басып алуучуларга багытталганы” айтылат. Ошондой эле ооган өкмөтү менен армиясы - куралдуу топтун кийинки бутасына илингендер.
24-апрелде Фарах жана Газни провинцияларында болгон чабуулдарда 11 ооган аскери жана полиция кызматкерлери каза тапты. Андан мурунку күнү талибдердин чабуулунан өлкөнүн түндүгүндө 18 жоокер жана полиция өкүлдөрү курман болгон.