18-январга карата аба ырайы тууралуу маалымат
![18-январга карата аба ырайы тууралуу маалымат](https://gdb.rferl.org/7829F2EE-EE4D-44F9-BF39-18822BA25F67_cx0_cy13_cw0_w800_h450.jpg)
17-19-январь аралыгында кардын калың түшкөнүнө байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолундагы Төө-Ашуу, Ала-Бел ашууларында жана Чычкан капчыгайында кар көчкү түшүшү ыктымал. Жолдо бараткан унаалардын ортосундагы аралык кеминде 500 метр болушу керек.
18-январда түнкүсүн кээ бир райондордо бир аз кар жаашы мүмкүн, күндүз жаан-чачын жаабайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде туман түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 1-6 м/с.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -8...-13, күндүз -3...+2 градус,
Талас облусунда түнкүсүн -9...-14, күндүз 0…-5 градус,
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -2…-7, күндүз 1...6 градус жылуу болот.
Ысык-Көлдө түнкүсүн -3…-8, күндүзү 1…6,
Нарын облусунда түнкүсүн -11…-16, күндүз 0…-5 градус суук болот.
Бишкек шаарында 18-январда жаан-чачын жаабайт. Түнкүсүн жана эртең менен туман түшүшү мүмкүн. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 1-6 м/с. Абанын түнкү температурасы -8…-10°, күндүз -1…+1° суук болот. (ErN)