Беларус өкмөтү оппозициячыл сайтка жарым-жартылай бөгөт койду
![Беларус өкмөтү оппозициячыл сайтка жарым-жартылай бөгөт койду](https://gdb.rferl.org/6B1F7051-2B34-4804-AECB-49CD7D970F7A_w800_h450.png)
"Charter 97.org" ("Хартия 97") деп аталган сайтка бөгөт коюлушун анын башкы редактору сөз эркиндигине каршы чабуул катары айыптады.
Ал эми Беларустун Маалымат министрлиги болсо Интернеттеги бул баракчаны “мыйзамда тыюу салынган маалыматты таратканы үчүн” күнөөлөдү. Бирок ал кандай маалымат экенин чечмелеген жок.
"Charter 97.org" cайтына Беларустун аймагында жергиликтүү провайдерлердин басымдуу бөлүгү 24-январдан тартып бөгөт кое баштаган.
Бул эркин интернет-баракча негизинен адам укуктарына жана оппозиция ишмердигине көңүл бурчу. Сайт буга чейин 2011-жылы ири хакердик чабуулга кабылган.
Башкы редактор Наталья Радинанын “Эркин Европа/Азаттык” радиосуна айткандарына караганда, өкмөттүн сайтты бөгөт коюунун саясий жүйөсү бар. (UE)