Депутат: Бектур Асановдун абалы оор
![Депутат: Бектур Асановдун абалы оор](https://gdb.rferl.org/7f5633f4-dad8-4280-bf42-93894aabde3e_tv_w800_h450.jpg)
Абакта ачкачылык кармап жаткан саясатчылар менен Жогорку Кеңештин депутаттары таанышып чыкты. Бул тууралуу №47 абакка кирип чыккан парламент депутаты Жанар Акаев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, ачкачылык кармап жаткан саясатчылардын саламаттыгы начарлап кеткен.