Мигранттар Кыргызстанга которгон акча көбөйдү
![Мигранттар Кыргызстанга которгон акча көбөйдү](https://gdb.rferl.org/35A8CA2C-958A-493F-B3D2-CF5399BB2D1E_cx0_cy7_cw0_w800_h450.jpg)
2017-жылы чет жакта жүргөн кыргызстандыктар мекенине 2 миллиард 482,2 миллион доллар которду. Бул тууралуу маалымат Улуттук банктын сайтында жарыяланды.
Кыргызстанга келген бул сумманын 90% Орусияда жүргөн мигранттар жөнөткөн. Башкача айтканда алар которгон акча 2 миллиард 435 млн доллар болгон.
Мигранттар Кыргызстанга которгон каражаттын суммасы 2016-жылы 1 млрд 991 миллион долларды, ал эми 2015-жылы 1 млрд 168 миллион долларды түзгөн.
Дүйнөлүк банктын баасы боюнча, мигранттар которгон акча Кыргызстандын ички дүң продукциясынын үчтөн бир бөлүгүн түзөт. (ErN)