Пакистанда секелекти зордуктаган киши өмүр бою абакка кесилди
![Пакистанда секелекти зордуктаган киши өмүр бою абакка кесилди](https://gdb.rferl.org/832B4F22-63C0-4A6E-A316-6EBFD554E11F_cx0_cy14_cw0_w800_h450.jpg)
Пакистандын соту сегиз жаштагы Зайнап Ансарини зордуктап өлтүрдү делген 24 жаштагы Имран Алини 17-февралда өмүр бою эркинен ажыратты. Сот Имран Али дагы жети баланы өлтүргөн деп тапты.
Полиция Зайнап Ансаринин жансыз денесин 9-январда Касур шаарында таштанды кутуларынын биринен тапкан. Секелек кыз зордукталганы аныкталган. Жергиликтүү тургундардын айтымында, Зайнап 4-январда куран сабагынан чыккандан кийин дайынсыз жоголгон.
Бул окуя Пакистанда ири нааразылык акцияларына түрткү болуп, миңдеген адамдар окуя болгон Касур шаарында көчөгө чыгышып, полициядан мындай кылмыштарга чукул чара көрүүнү талап кылышкан. Секелектин киши колдуу болушуна жана мындай үрөй учурган окуяларга жетиштүү чара көрүлбөгөнүнө ачууланган адамдар жергиликтүү полиция бекетине чабуул коюшуп, андагы кагылышуудан эки адам набыт болгон.
Факт боюнча 57 шектүү текшерилип, алардын биринин ДНКсы дал келип камакка алынган.
Касур полициясы кабарлагандай, аймакта соңку бир жылда кыздар уурдалган, зордукталган же киши колдуу болгон 12 факт катталган. Камакка алынган Имран Али менен алардын сегизинин ДНКсы туура келген. (ErN)