Депутаттын жарандыгы көп маселени козгоду
![Депутаттын жарандыгы көп маселени козгоду](https://gdb.rferl.org/EAC09AD3-91A1-4431-8890-DE538506793F_w800_h450.jpg)
Жогорку Кеңештеги "Кыргызстан" фракциясынын депутаты, Казакстанда аткезчиликке шектүү катары кармалган Дамирбек Асылбек уулунун казак жарандыгы да бар экени ырасталды. Буга байланыштуу Казакстандын Тышкы иш министрлиги Кыргызстанга нота жиберди. Бул маалымат кыргыз коомчулугунда башка өлкөнүн жарандыгын алган киши кантип депутат болгон деген суроолорду пайда кылды.