"Айкөл Ала-Тоо" президентке талап койду
![](https://gdb.rferl.org/7ca39cf8-81d5-4ccb-bf81-f45e0d64c311_tv_w800_h450.jpg)
Бишкектеги “Медиа форум” ишканасынын алдында Аксы окуясын эскерүүгө арналган иш-чара өттү. Ага Апрель ыңкылабынын катышуучулары, “Айкөл Ала-Тоо” уюмунун өкүлдөрү, КСДПнын активисттери катышты. Алар президент Сооронбай Жээнбековду мурдагы президент учурунда башталган коррупцияга каршы күрөштү улантууга, үй-бүлөлүк башкарууга жол бербөөгө, Аксы жана Апрель окуялары үчүн күнөөлүүлөрдү жоопко тартууга чакырды.