Орусия: айланы кетирген акыр-чикир
Москвадан жүз чакырымдай аралыктагы Волколамск районунда жергиликтүү эл көтөрүлдү. Ал жакта жашагандар аймактагы таштанды полигонун жабууну талап кылышууда. Бир күн мурда уулануунун белгилери менен жергиликтүү ооруканага ондогон мектеп окуучулары жеткирилген. Ата-энелер муну таштанды полигонунан чыккан газдан көрүп жатышат.