Кабулдагы жардырууда алты аскер жарадар болду
![Кабулдагы жардырууда алты аскер жарадар болду](https://gdb.rferl.org/C45FDF7B-3BAE-439C-A49C-01FC990C107F_w800_h450.jpg)
Ооган баш калаасында Коргоо министрлигинин жанында эки бомба жарылганда өтүп бараткан Улуттук армиянын алты жоокери жарадар болду.
Мурдараак Кабул полициясынын басма сөз катчысы Хашмат Станекзай жол боюна коюлган бомба жарылганын билдирди. Айрым маалыматта бомба коопсуздук күчтөрүнүн машинесине коюлганы айтылат.
Жардыруунун жоопкерчилигин эч ким мойнуна ала элек.
Батыш колдогон Кабул өкмөтү 2014-жылы НАТО күчтөрү Ооганстандан чыгып кеткенден бери “Талибан” баштаган куралдуу топтордун мизин кайтаруунун аракетин көрүп келатат.