Facebook Орусиядагы "троллдор фабрикасын" бутага алды
"Фейсбук" компаниясы Орусиядагы "троллдор фабрикасына" байланышы бар делген 250дөн ашык баракчаны жапты. Ал баракчалар көбүнчө орус тилинде маалыматтарды таратканы, алардын Кыргызстанда кеминде 35 миң окурманы бар экени белгилүү болду.