Ошто өзбекстандык кыргыздар үчүн китеп жыйналууда
Оштогу жигердүү студенттер Өзбекстандын Анжиян мамлекеттик университетинин кыргыз филологиясы факультетинин студенттери үчүн кыргызча китептерди чогултуу акциясын өткөрүп жатышат.
Бул тууралуу демилгечи студенттердин өкүлү Чыңгыз Сталбеков билдирди. Анын айтымында, мындай акция анжияндык студенттердин суранычынан улам жаралган.
Оштук студенттер жакында эле Өзбекстанга барып, Анжиян мамлекеттик университетинин кыргыз филологиясы факультетинин студенттери менен жолугуп келишкен. Анда Анжиян мамлекеттик университетинин студенттери кыргызча окуу куралдарынын таңкыстыгынан аксап жатышканын билдиришкен. Оштун жигердүү жаштары боордоштор үчүн кыргыз тилиндеги көркөм адабий жана предметтик китептерди берүүнү каалагандарды төмөнкү телефондор аркылуу кабыл алышууда. Чыңгыз: (0707) 919629, Бексултан: (0771) 951404, (0773) 606526, (0773) 111235. (YI)