Армения: өкмөт башчынын ыйгарым укуктары вице-премьерге өттү
Арменияда премьер-министр Серж Саргсян кызматтан кеткенин жарыялагандан көп өтпөй министрлер кабинети чукул жыйынга чогулуп, анда өкмөт башчынын ыйгарым укуктары анын биринчи орун басары Карен Карапетянга өткөнү белгилүү болду. Бул тууралуу армян өкмөтүнүн басма сөз кызматы кабарлады. Өлкөдөгү ири демонстрациялардан улам бир нече саат мурда премьер-министр Серж Саргсян кызматын тапшырган. “Түзүлгөн кырдаалды чечүүнүн бир нече жолу бар. Бирок мен алардын бирөөнө да барбайм. Андай жол меники эмес. Читать дальше...