Кабулда шайлоочуларга кол салынды
![Кабулда шайлоочуларга кол салынды](https://gdb.rferl.org/1B81EA65-F2CB-4CC6-9E18-EF42E9C02A93_w800_h450.jpg)
Ооганстанда президент Ашраф Гани "Кабулдагы соңку жардыруу өлкөдөгү демократиялык жараянды алсырата албайт" деп убада берди. Кечээ Кабулда шайлоочуларды каттоого ала турган борбордун сыртында жанкечтинин жардыруусунан 50дөн ашуун киши курман болуп, жүздөн ашууну жараланды. Ооганстан ушу тапта быйыл күздө боло турган парламенттик шайлоого даярдык көрүп жатат.