Аба ырайы: 13-майда жаан жаайт
"Кыргызгидромет" ишканасы ушул күндөрү өлкө аймагында жаан-чачын болорун, бийик тоолуу райондорго кар түшөрүн маалымдады. Чүй, Баткен, Ош, Жалал-Абаддын дыйканчылык аймактарында нөшөр болот. Мындай аба ырайы 16-майга чейин созулат. Дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөт.
13-майда көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, Чүй, Нарын облустарында жана Ысык-Көлдө 17-22 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 9...14, күндүз 19...24,
Талас жергесинде түнкүсүн 8...13, күндүз 18...23,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 12...17, күндүз 24...29,
Нарын облусунда түнкүсүн 7...12, күндүз 17...22,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 8...13, күндүз 17...22,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -1...-6, күндүз 3...8 градус болот.
Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жамгыр жаайт. Түнкүсүн 12...14, күндүз 22…24 градус болот.