Кыргызстанда Түрк тилдүү мамлекеттердин кеңеши өтөт
![Кыргызстанда Түрк тилдүү мамлекеттердин кеңеши өтөт](https://gdb.rferl.org/F20FDE3A-B2AA-461F-9E2B-C0BF60435118_w800_h450.jpg)
Кыргызстанда Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин кезектеги жыйынын даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети түзүлдү. Тиешелүү буйрукка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду.
Ага ылайык, саммит быйыл 3-сентябрда Чолпон-Ата шаарында өтөт. Уюштуруу комитетин биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов жетектейт. Анын курамына өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү жана Чолпон-Ата шаарынын мэри, тиешелүү мекемелердин жетекчилери кирген.
2015-жылы Бишкекте өтчү Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык уюмунун саммитин өткөрүү буга чейин улам кийинкиге жылдырылып келген. Анын себептерин расмий Бишкек так түшүндүргөн эмес. Серепчилер аны кыргыз-түрк жетекчилеринин мамилесинин сууп кетиши менен байланыштырып келишкен. (КЕ)