23-августка карата аба ырайы тууралуу маалымат
![23-августка карата аба ырайы тууралуу маалымат](https://gdb.rferl.org/059C7751-F961-42F6-A7BC-8B97C55A5C58_w800_h450.jpg)
23-августта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз жана Ысык-Көл, Нарын облустарында жана Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтөт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 12...17, күндүз 24...29,
Талас жергесинде түнкүсүн 9...14, күндүз 22...27,
Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 14...19, күндүз 26...31,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 9...14, күндүз 18...23,
Нарын облусунда түнкүсүн 7...12, күндүз 18...23 градус болот.
23-августта Бишкек жамгыр жаабайт. Абанын табы түнкүсүн 14…16, күндүз 28…30 градус ысык болот. (ErN)