Бишкек мэриясынын өкүлдөрү жарандык активистттер менен жолугушту
![Бишкек мэриясынын өкүлдөрү жарандык активистттер менен жолугушту](https://gdb.rferl.org/2F3F2BB5-CB5F-4F9A-BB34-315F97FCD350_w800_h450.jpg)
Бүгүн, 28-августта айрым жарандык активисттер мэриянын жетекчилиги менен эркин форматта жолушту. Кездешүүгө катышкан активисттердин бири Мавлян Аскарбеков мэриянын карамагында коомдук кеңеш түзүүнү сунуш кылды. Анын айтымында, коомдук кеңештин курамына активисттер кирип, шаардагы кемчиликтер, мыйзам бузуу фактылары боюнча маалымат берип турушса туура болмок.
Бишкек мэриясынын аппарат жетекчиси Балбак Түлөбаев коомдук кеңеш түзүү боюнча сунушка юристтер менен кеңешкенден кийин жооп берилээрин маалымдады. Иш-чарада мэр Азиз Суракматов менен жарандык активисттердин жолугушуусу сентябрдын аягына пландалып жатканы маалым болду.
Жалпы жолунан жолугушууга он чакты жарандык активист катышып, алар негизинен мыйзамсыз курулуштар, тазалык, жер маселелерин көтөрүштү. Мэриянын өкүлдөрү айтылган сын-пикирлер боюнча текшерүү жүргүзүлөрүн айтышты. (TSh)