Москва облусундагы өрттөн эки өзбек жараны каза тапты
![Москва облусундагы өрттөн эки өзбек жараны каза тапты](https://gdb.rferl.org/88EDBC4D-252A-41D9-A639-87C8E604274C_cx0_cy4_cw0_w800_h450.jpg)
Өзбекстандын эки жараны Москва облусунун Мытищи аймагындагы кампада чыккан өрттөн каза тапты. Миң чарчы метр аянтты ээлеген кампадагы жалынды толук өчүрүүгө 16 саат кеткен. Бул тууралуу аймактын чукул кырдаал кызматы билдирди.
«1000 чарчы метр аянтты ээлеген темир-бетон кампасында чыккан өрттө Өзбекстандын эки жараны каза тапты, анын бири бала болчу» деп билдирди кызматтын өкүлү.
Ал учурда өрт эмне себептен чыкканы такталып жатканын кошумчалады.
Эки жыл мурда Москва шаарында типографияда чыккан өрттөн он жети адам ажал тапкан. Алардын он төртү кыргызстандык кыз-келиндер болгон.
Орусияда өрт коопсуздугу Батыш өлкөлөрүнө салыштырмалуу кыйла начар деп саналат.