"Жерге-Талдагы кыргыздарга жардам берилсе..."
Тажикстандын мурдагы Жерге-Тал, азыркы Лахш районунда жол кырсыгында каза болгон жети кыргыз өздөрү туулган Кошой айылында жерге берилди. Маркумдардын баары эки үй-бүлөнүн мүчөлөрү. Окуя 30-сентябрда түнкүсүн ушул кыштактын жакасындагы кыя жолдо болгон. Бул жөнүндө кененирээк маалымат алыш үчүн тажикстандык кыргыз, учурда Кыргызстанда жашаган журналист Абдил-Ахат Курбановду кепке тарттык.