Бишкекте тапанча аткан милиционер кызматтан бошотулду
![Бишкекте тапанча аткан милиционер кызматтан бошотулду](https://gdb.rferl.org/ABEDF1B6-1FB0-4CD4-BA01-F500111EAC06_w800_h450.jpg)
Бишкекте кафедеги ок атуу боюнча кызматтык иликтөө аяктап, Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнүнүн 10 кызматкери тартиптик жазага тартылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги кабарлады.
Билдирүүдө айтылгандай, окуя болгон күнү ок аткан киши милиция кызматкери экени аныкталып, жумуштан айдалды. Дагы бири кызматынан алынды, калгандарына башка жазалар чегерилди. Факт боюнча чогултулган материалдар прокуратурага өткөрүлүп берилди.
12-сентябрга караган түнү Ахунбаев көчөсүндөгү "Империя пиццы" кафесинде жаңжал чыгып, милиция кызматкери кафенин коногуна ок атканы кабарланган.
Башкы прокуратура табелдик куралдан ок аткан милиционерге карата Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси (“Бейбаштык”) менен иш козгогон. "Анын кылмышын жашырды" деп кесиптештерине 304 (“Кызматынан кыянаттык менен пайдалануу”) жана 305-беренелери (“Кызматтык ыйгарым укуктардан аша чабуу”) менен кылмыш иши козголгон. Бул боюнча тергөө уланууда.
Мурдараак Ички иштер министрлиги 6-октябрга караган түнү Криминалдык милиция кызматынын Бишкек шаарынын Биринчи май райондук бөлүмүнүн кызматкерлеринин атышуусу боюнча кызматтык иликтөө башталганын жарыялаган. (ErN)