Түркия Идлибде деэскалация аймагы түзүлгөнүн жарыялады
Түркия Сириянын түндүгүндөгү Идлиб провинциясында орус жана түрк лидерлери буга чейин макулдашкандай, деэскалация зонасы түзүлгөнүн ырастады. Түркия менен Орусия Идлибди курал колдонууга тыюу салынган аймакка айландырууну макулдашкан. Бул тууралуу “Рейтер” агенттиги кабарлады. Буга чейин Идлиб аймагынан куралдуу оппозициянын бир бөлүгү өз күчтөрүн чыгара баштаган. Сириядагы адам укуктарына байкоо салган уюм "Файлак аш-Шам" тобу аймактан Түркиянын чакырыгынын негизинде чыгып жатканын өткөн сентябрдын этегинде кабарлады. Читать дальше...