Экс-президенттер кол тийбестикке муктажбы?
![Экс-президенттер кол тийбестикке муктажбы?](https://gdb.rferl.org/e28ef2ef-4872-46e6-bdc7-d7c066c84545_tv_w800_h450.jpg)
Экс-президенттин кол тийбестигин алып салуу тууралуу укук коргоочу Нурбек Токтакуновдун өтүнүчүн Жогорку соттун алдындагы Конституциялык палата жарым-жартылай канааттандырды. Анда "Президенттин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө" мыйзамдын 12-беренеси “Баш мыйзамга каршы келет” деп табылып, бирок экс-президентти кол тийбестиктен ажыратуунун жол-жобосунун жоктугу көрсөтүлдү. Конституциялык палатанын чечими азыр коомчулуктун кызуу талкуусунда. "Ыңгайсыз суроолор" берүүсүнүн коноктору - Жогорку Кеңештеги “Республика-Ата Журт” фракциясынын депутаты Курманкул Зулушев жана “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров.