Орусия: жума күнкү текшерүү кайра башталды
Орусияда жума намаз учурунда полициянын текшерүүсү кайрадан башталды. Сентябрдын аягынан тартып бир нече шаарда ушундай рейддер болгону кабарланууда. Бирок полиция эмне себептен намазга жыгылгандардын, алардын ичинде мигранттардын тынчын алып жатканын түшүндүргөн эмес.