Уланбек Эгизбаевге “David Burke” сыйлыгы ыйгарылды
![Уланбек Эгизбаевге “David Burke” сыйлыгы ыйгарылды](https://gdb.rferl.org/0898147D-31AA-4198-9F33-A4852F390665_cx0_cy10_cw0_w800_h450.jpg)
“Азаттык” радиосунун кабарчысы, белгилүү иликтөөчү журналист, маркум Уланбек Эгизбаевге дүйнөдөгү чыгаан журналисттерге берилүүчү “David Burke” сыйлыгы ыйгарылды. Сыйлыкты “Глобалдык медиа үчүн америкалык агенттиктин” башчысы Жон Лансинг 6-декабрда Прагада өткөн жыйында “Азаттыктын” командасына тапшырды.
Бул сыйлык жыл сайын дүйнөдөгү өзгөчө кесипкөйлүгүн көрсөткөн журналисттерге берилип келет.
Ушул эле күнү Эгизбаевдин “Көрүстөндөгү коррупция” аттуу иликтөөсү “Эркин Европа / Азаттык” радиосунун жылдын мыкты программаларынын бири деп таанылды.
Уланбек Эгизбаев быйыл 22-июлда 28 жаш курагында Ысык-Көлдө эс алып жүргөн кезде каза болгон. Соттук-медициналык экспертиза "журналисттин өлүмүнө сууга чөгүү себеп” деген бүтүмгө келген.
Ага көзү өткөндөн кийин “Эрдик” мамлекеттик медалы да ыйгарылып, Интеллектуалдар альянсынын "Чеч-Дөбө" кеңешинин “Улут абийири” наамы берилген.
Жакында Уланбек Эгизбаевдин "Чындык деп жанган өмүр" аттуу китеби жарык көрдү. Анын электрондук версиясын бул жактан жүктөп алсаңыз болот.