Орусия Украина боюнча санкциялык тизмесин кеңейтти
![Орусия Украина боюнча санкциялык тизмесин кеңейтти](https://gdb.rferl.org/0537DCC7-8765-45B2-A2BA-7CFBF5A29A8F_w800_h450.jpg)
Орусиянын өкмөтү санкциялык тизмеге дагы 200 адамды жана сегиз компанияны кошту. Башкача айтканда, Москванын Украина боюнча санкциялык тизмеси жалпысынан 567 адамга жана 75 фирмага жетти. Документ өкмөттүн расмий сайтына жарыяланды.
Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведевдин "Твиттерге" жазганына караганда, бул чечим "Орусия мамлекетинин, ишканаларынын жана жарандарынын кызыкчылыктарын коргоо үчүн" кабыл алынды.
Санкция салынган адамдардын жана фирмалардын Орусиядагы акчасы, кыймылсыз мүлкү камакка алынып, алардын ишкерлик кылуусуна уруксат берилбейт.
Украинанын чыгышындагы жаңжалга байланыштуу буга чейин Украина, Европа Биримдиги жана АКШ да орусиялык жарандарга жана фирмаларга санкция салган. Маселен, Евробиримдик мүлкүн камакка алуу же уюмдун аймагына кирүүгө тыюу салуу чечимин чыгарган орусиялык жана украиналык жарандардын саны 164кө жеткен.
2014-жылы мурдагы украин президенти Виктор Януковичке каршы элдик көтөрүлүштөн жана Крым жарым аралын Орусия аннексиялап алгандан кийин жикчилдер Донецк жана Луганск аймактарын ээлеп алышкан. Батыш бул аракеттерден жана Москванын жикчилдерди колдогонунан улам Орусияга каршы бир нече жолу санкция киргизген.
Кремль "Орусия жикчилдерге көмөк көргөзүүдө, кошуна өлкөнүн ички иштерине кийлигишүүдө" деген дооматтарды четке кагып келет.
Донбасстагы куралдуу жаңжал 10,5 миңден көп кишинин өмүрүн алды.