Согушкерлер Ливиянын Тышкы иштер министрлигине кол салды
25-декабрда жанкечти Триполидеги Тышкы иштер министрлигинин имаратынын алдында өзүн жардырды. Анын шеригин болсо полиция жардыруу уюштурганга чейин атып өлтүргөнгө жетишкен. Окуядан үч адам көз жумуп, дагы 20 киши жаракат алды. Кол салуу үчүн эч бир согушкер топ жоопкерчилик ала элек. Мурда бул сыяктуу чабуулдарды “Ислам мамлекети” террордук уюму жасап келген. БУУнун Ливияны колдоо миссиясы кол салууну айыптап, террордук уюмдардын өлкөдө баш калкалап, өзүнүн кылмыштары үчүн майдан кылуусуна жол бербөө зарылдыгын эскертти. Читать дальше...