Украина жана Донбасстагы жикчилдер туткундарды алмашты
Эки тараптын туткундарды алмашуусу 27-декабрда Донецк облусундагы Горловка шаарына жакын жайгашкан “Майорск” көзөмөл-өткөрмө бекетинде болду. Расмий өкүлдөр билдиргендей, натыйжада жикчилдер украин тарапка туткундагы 74 жоокерди өткөрүп берди. Ал эми украин өкмөтү жикчилдер тарапка алгач маалымдалгандай 306 эмес, 238 адамды өткөрүп берди. Анткени украин өкмөтүнүн камагында турган 48 адам туткундарды алмашуу жүргүзүлгөнгө чейин эле бошотулган, дагы 25 киши орусиячыл жикчилдер көзөмөлдөгөн аймактарга кайтып баруудан баш тартышкан. Читать дальше...