Бишкекте аялдар укугуна арналган маршка уруксат берилген жок
Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук администрациясы калаада Кыргызстан аялдарынын укуктарын коргоого арналган “Жаштар маршына” уруксат берген жок. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна “Бир Дүйнө Кыргызстан” укук коргоо кыймылы билдирди. Биринчи Май районунун акими Токтосун Султановдун колу коюлуп, уюмга жөнөтүлгөн катта марш жолдо автоунаалардын кыймылына тоскоолдук келтирери жана тротуарда жөө-жүргүнчүлөргө ыңгайсыздык жаратары жазылган. Уруксатсыз жүрүшкө чыккандар мыйзам жоопкерчилигине тартылары да эскертилген. Читать дальше...