Былтыр 19 салык кызматкери жазага тартылды
2017-жылы Салык кызматына келип түшкөн арыз даттануулардын негизинде 19 кызматкер жазага тартылды. Бул тууралуу аталган кызматтан кабарлашты. Маалыматка ылайык, кызматка 173 кайрылуу келип түшкөн. Анын ичинен 47 даттануу салык кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттерине байланыштуу болгон. Бул арыздар текшерилип, 10 факты ырасталган. Анын негизинде эки салыкчы кызматтан бошотулуп, 17сине ар кыл жазалар берилди.(BkA)