Парламент комитети Айтматов сыйлыгынын акчасы жоголушун жабык талкуулады
Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети КМШнын Парламент аралык ассамблеясынын Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыгына Жогорку Кеңештин эсебинен бөлүнгөн 30 миң доллардын уурдалышы боюнча маселени жабык талкуулады. Жыйында депутаттар УКМКнын өкүлүнүн бул окуя боюнча козголгон кылмыш иши тууралуу маалыматын угушту. Комитеттин мүчөсү, “Республика - Ата-Журт” фракциясынын депутаты Максат Сабировдун айтымында, кылмыш иши боюнча тергөө жүрүп жатканына байланыштуу көп маалыматтар ачык жарыяланбайт. Читать дальше...