Өзгөндө 14 адам тамактан ууланды
Райондук аймактык оорукананын жетекчисинин орун басары Нуржамал Арыкованын "Азаттык" радиосуна билдиришинче, 13-мартка караган түнү он киши ооруканага келип түшкөн. Алар тамактан ууланганы аныкталды. Арасында беш, сегиз жана он үч жаштагы үч бала бар. Ал эми дагы үч киши тамактан ууланып, 13-март күнү эртең менен келишкен. Кийинчерээк дагы бирөө келип түшкөнүн райондук оорукананын жетекчиси Сатар Жусупов "Азаттыкка" тастыктап, уулангандар Өзгөн шаарынын тургундары экенин билдирди: - Шаардын Амир-Темир көчөсүнүн тургундары экен... Читать дальше...