Баткендик окуучу эл аралык сынакта биринчи орунду ээледи
Баткен облусунун тургуну, 2-класстын окуучусу Нурмухамбет Абдирашитов Египетте менталдык арифметика боюнча өткөн таймаштын экинчи деңгээлинде биринчи орунду ээледи. 7-8-март күндөрү Шарм-эл-Шейх шаарында дүйнөнүн 7 өлкөсүнөн 400дөй бала катышкан олимпиада өттү. Дагы бир кыргызстандык бала, 4-класстын окуучусу Кайратбек Аширматов төртүнчү деңгээл боюнча экинчи орунга чыкты. Бул сынакка Кыргызстандан жалпысынан 22 окуучу барган. Балдардын интеллектуалдык өнүгүү борбору даярдаган олимпиадага катышууну ата-энелер өзүлөрү каржылашты. Читать дальше...