Санкт-Петербургда Тилекмат акенин эстелиги ачылат
Эртең, 23-мартта Орусиянын Санкт-Петербург шаарындагы Таврия ак сарайында Ысык-Көл өрөөнүнөн чыккан айтылуу даанышман, элчи Тилекмат Жылкайдар уулунун (Тилекмат аке) эстелиги ачылат. Бул тууралуу иш-чарага жөнөп бараткан “Тилекмат аке – элчи” фондунун өкүлдөрү кабарлашты. Ал эми бүгүн Санкт-Петербургда кыргыздын чыгаан уулдарынын бири, саясий жана коомдук ишмер Исхак Раззаковго арналган эки күндүк эл аралык илимий конференция ачылды. Бул эки иш-чараны КМШ мамлекеттеринин Парламент аралык ассамблеясы уюштурду. Читать дальше...