Евробиримдик Британияга тилектеш болуп, Орусияга чара көрөт
Еврошаркеттин лидерлери Солсберидеги кол салуу үчүн жоопкерчилик Орусияга жүктөлөт деген “мүмкүнчүлүк өтө жогору” экенин билдирген Британия өкмөтү менен макул болуп, Москвадагы өкүлүн чакыртып алууну чечишти. Брюсселдеги саммитте жетекчилер түн ортосуна чейин сүйлөшүү жүргүзүп, ушундай жыйынтыкка келишти. Британиянын премьер-министри Тереза Мэй экс-тыңчы Сергей Скрипал менен кызы Юлияга 4-мартта кол салуу “Орусиянын Европага каршы уланып жаткан агрессиясынын үлгүсү” экенин айткан. Москва ал окуяга эч кандай тиешеси жоктугун билдирип келатат. Читать дальше...