Атамбаев: Жээнбеков менен 4,5 сааттан ашык сүйлөштүк
Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, президент Сооронбай Жээнбеков менен достук мамиледе экенин айтты. - Жээнбеков менен 23 жылдан бери доспуз. Эки жаш улуу катары кээде ага бир нерселерди айтышым мүмкүн. Биздин өлкө үй-бүлөлүк, кландык башкарууга барбашы керек. Муну Сооронбай Шарипович түшүнөт деп ойлойм. Акыркы жолу Жээнбеков менен 4,5 саат сүйлөштүк, - деди Атамбаев. Бүгүн КСДПнын курултайы өтүп, анда Атамбаев партия төрагасы болуп шайланды. Читать дальше...