Эки Корея бирдей саат тилкесине өтөт
Түндүк Корея Түштүк Корея менен бирдей саат тилкесине өтүүдө. 5-майда сааттын жебеси 30 мүнөт артка жылдырылат. Бул - эки коңшунун жакындашуусунун дагы бир белгиси болуп калмакчы. Кечээ Пхеньян өзүнүн саат зонасынан баш тартаарын жарыялады. Мамлекеттик телеканалдын диктору “Урматтуу жогорку лидер эки Кореянын саммити маалында эки башка саат көрсөтүлүп жатканын көрүп, абдан капаланып, бир алкакка өтүүнү сунуш кылды” деп билдирди. Түндүк Корея 2015-жылы “жапон оторчулугунун мурасынан арылуу үчүн” өзүнүн саат тилкесин киргизген. Читать дальше...