Кемерово: өрт кырсыгына байланыштуу ӨКМдин облустагы жетекчиси камалды
Сот Кемеров облусунун Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын жетекчиси Александр Мамонтовду "Зимняя вишня" соода борборундагы 60 адам каза тапкан өрт кырсыгына байланыштуу эки айга камады. Ошондой эле ӨКМдин Кемерово шаарынын көзөмөл бөлүмүнүн жетекчиси Григорий Терентьевди да эки айга камоо чечими чыкты. Мамонтов менен Терентьев окуядан кийин эки айдан соң, 25-майда кармалган. “Зимняя вишня” соода борборундагы өрттүн чыгышына күнөөлүү деп кармалгандардын жалпы саны ушуну менен 10 кишиге жетти. Тергөөнүн материалдарына караганда... Читать дальше...