Кызын зордуктоого шектелген киши Орусиядан Баткенге жеткирилди
Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары Арстан Усановдун журналисттерге билдиргени боюнча, өз кызын зордуктоого шектелип, качып жүргөн 44 жаштагы кишиге эл аралык издөө жарыяланган. Жакында ал Орусиядан кармалып, Баткенге алып келинди: - Бул кишиге карата "Зордуктоо" фактысы боюнча кылмыш иши козголгон. Ошол учурда ал Орусияга качып кеткен. Биз аны Орусиянын күч кызматкерлери менен чогуу кармап, Баткенге алып келдик. Ал соттук териштирүүгө чейин милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Читать дальше...