Саруу окуясы боюнча соттолгон киши абакта кыйноого кабылганын айтууда
Саруу окуясы боюнча сегиз жылга соттолуп, президенттин ырайымы менен эркиндикке чыккан Наристе Калчаев абакта отурганда саясатчы Садыр Жапаровго каршы көрсөтмө алуу аракеттери болгонун билдирип маалымат жыйын берди. Анын айтымында, Калчаевди 2013-жылдын 7-октябрында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин имаратында башына желим пакет кийгизип, кыйноого алышкан. Ошондой ал Жапаровго каршы көрсөтмө бербегенин кошумчалады. Бул айыптоо боюнча УКМКнын маалымат кызматы комментарий бербей турганын билдирди. Читать дальше...