Евробиримдик Орусияны Сенцовду тезинен бошотууга үндөдү
Европа Биримдиги орус бийлигин түрмөдө отурган украин режиссеру Олег Сенцовду бошотуп, ал ачкачылыкты токтоткондон кийин зарыл медициналык жардамды көрсөтүүгө үндөдү. Режиссер абакта 145 күн ачкачылык кармады. Евробиримдиктин тышкы иштер мекемеси өз билдирүүдө аннексияланган Крымдын аймагында мыйзамсыз кармалган украин жарандарын бошотууга чакырган. Билдирүүдө украин режиссеру абактагы нааразылык акциясында «кайраттуулугун жана өз өмүрүн өлүмгө сайып койгон каармандыгын» көрсөтө алганы айтылат. Читать дальше...