Кулматовдун паспорту боюнча сот жылдырылды
Бишкек шаарынын мурдагы мэри Кубанычбек Кулматовдун паспортун жараксыз деп табуу боюнча соттук иш 16-октябрга жылдырылды. Буга Мамлекеттик каттоо кызматынын өкүлү Насиба Калдыбаеванын ишеним катынын жоктугу себеп болду. Буга байланыштуу ишти карап жаткан судья Алмаз Калдыбаев кийинки отурумду 16-октябрга белгиледи. 21-сентябрда Мамлекеттик каттоо кызматы Кубанычбек Кулматовдун жарандык паспортун жокко чыгарууну өтүнүп сотко кайрылган. Мекеме буга Кулматов 1996-жылы Кыргызстандын паспортун мыйзамсыз алганын жүйө келтирген. Читать дальше...